Курсан Асанов пакеттерге байланыштуу тарап жаткан видео боюнча: "Күтө тургула, чындык өзү чыгат"

Ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулган Курсан Асанов пакеттерге байланыштуу тарап жаткан видеого каршылыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-августта SUPER.KG порталына билдирди.

"Чындык 40 күндө эмес, 40 мүнөттө чыкты. Мен бардык нерсеге каршымын. Күтө тургула, чындык өзү чыгат", - деди Курсан Асанов.

Интернетке Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн акча, алтын, бриллиант салынган пакетти алып чыгып кетти деген жазуусу бар видео тараган. Бирок видеодо акча, алтын, бриллиант бар экендиги көрсөтүлгөн эмес.

Башка булактарга кармоо операциясынан кийин тараган видеолорду карай келсек, жогоруда сөз болгон пакет Алмазбек Атамбаевдин жакындары менен кошо ИИМге жана УКМКга келгенин көрүүгө болот.

Бүгүн Курсан Асанов ээлеген кызматынан өкмөт башчынын буйругу менен бошотулду. Ал "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйөө менен кызматтан бошотулган. ИИМ "Атамбаевди кармоо операциясында Курсан Асанов кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенди" деген билдирүү таратты.

Алмазбек Атамбаев УКМКнын имаратына кирип бара жатат
Курсан Асановго байланыштуу пакеттер чуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
xnurgul_gul
2019-08-14 02:03:24
АША Соке экоо тен эле болбойт, жаман тойгуздунар Кыргызстандагы саясатчылар,эгер Адам болсонор озунор тапшырып чыгып кеткилечи з.б.кылдынар Курсан Асанов бийликтегилердин ою боюнча мыкаачылык менен ааеоосуз олтуруш керек болчу ошон учун алып жатасынар иштен Чалдардын экоосу тен эле болбойт
+10
taalay25
2019-08-14 03:50:53
Туура чечим кабыл алдылар! Курсан Сатарович негизи мындай чалдар менен партократтардын командасында эмес эле орду. Соке, кашкар, Мукан, айыл чарба министри, буларга ушундай адамдар жарашат
+8
elb_2121
2019-08-14 05:32:14
Мен оюмча Кашкарды Жунушалиевди ,Суйун Омурзаковду жана Укмканын жетекчисин Опунбаевди Алыш керек Бир бул окуянын себебинен эмес негизи ИИМде жанан Укмкада мурдатан болуп келип жаткан катачылыктар учун
+11
Globalnews
2019-08-14 07:07:12
Ал пакетте Атамбаев дарыларымды алып алайын деп салган пакети эле го, ушунчалык жомоко конгон эл экенсинер да, явно видеодон коргонго болот го, экинчи этажга барып дарыларымды алып алайын деген жерин. ак караны ажырата албай эмне болуп калгансынар, ал генерал от души жумушун аткарып жатса кайдагы жомокту чыгарып. бирок бул учун албаса керек жумуштан, башка себеп болушу мумкун, политика да кантсе дагы...
+12
Baku88
2019-08-14 08:54:35
Ой кудай ай кимисине ишеничти да билбейсин
+2
bond02
2019-08-14 09:13:57
Пакетте эт бар эле деп койбойсунбу.
+5
janymjamal
2019-08-14 09:18:41
Атамбаев ошончо кундон бери курсан келет деп бриллианттарын кармап олтурган экен уйундо десенер...
+6
Absamat-90
2019-08-14 09:22:02
Бул пакетте бир сыр бар.
-5
altyn-kumush
2019-08-14 09:25:24
Бул эки жуздуу адам экен. Окмотко да АШАга да иштеп жургон. Жалганчыларды камаш керек
-3
altyn-kumush
2019-08-14 09:31:26
Жердешчилик эле дейсинер, мына мыйзам бузса жооп берет ким болсо дагы
-5
kechirmeni
2019-08-14 09:40:12
Начальник ГКНБ кетем деп атпады беле ошонун ордуна койсун анда
-2
Altyn10076
2019-08-14 09:59:38
Кармоо учурунда АШАны түрү алып чыкканы үчүн ишинен алынды окшойт.
+9
Aijanar17
2019-08-14 11:10:47
Курсан Асанов достойный человек!!!!!

+6
Skarlett-Skarlett
2019-08-14 13:07:33
Бул сапсайган чалдардын баары тажатышты,тамырлашып алгандарын кантейин,личинкаларын кобойтуп..Жаш куч керек бийликке,эгерде революция жаштардын келечеги учун болсо кашык каным калгыча согушат элем.Анткени,балдардын келечегин ойлошубуз керек.Балдарыбыз бизге окшоп дипломдуу мигрантка айланбашы керек!!!!
+2
Begimay.emir1
2019-08-15 04:38:08
Курсан Асанов адемгерчиликтуу адам экен, Соке АШАны терористтердей алып келип камаш керек деген приказ берсе керек. Асанов экс президентке андай мамиле кыла албаган окшойт. Анан эле интернетте Асанов молодец дешсе зависть пайда болду окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан