Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков дагы сурак берүүгө чакырылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков дагы сурак берүүгө чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына өзү билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, 9-август күнү экс-депутат 4 саатка созулган суракка кирип чыккан.

"Бүгүн суракка саат 10:30га барам. Өткөндө 4 саатка жакын суракта отуруп, тиешелүү суроолорго жооп бергем", - деди Жээнбеков.

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан