Бишкектеги башаламандыкта "Коопсуз шаардын" камералары талкаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча "Вега" компаниясы 4 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Белгилүү болгондой, башаламандык учурунда 7-Апрель жана Аалы Токомбаев, Чүй кең көчөсү менен Ибраимов, Чүй кең көчөсү менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги видеобайкоо жүргүзгөн жабдыктар талкаланган.
"Жалпысынан коомдук байкоону жүргүзгөн системдик жабдыктар талкаланган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жабдыктарды талкалоо учурунда камерага түшүп калган видеоматериалдар чогултулуп укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Жогорудагы айтылган жердеги камералар кыска убакыттын ичинде калыбына келтирилет", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Башкы прокуратура массалык башаламандыктан жалпысынан "Коопсуз шаардын" 34 камерасы талкаланганын маалымдаган.