Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип милиция бөлүмүнө алып келинген жаран 3-кабаттан секирип каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-августта Бишкек ШИИББинен тастыкташты.
"Бүгүн сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран алып келинген. Сурак учурунда Ж.Э. ордунан туруп, терезе аркылуу качууга аракеттенген. Кийин ал 3-кабаттын терезесинен секирип кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакырылып, ал ооруканага жеткирилген. Кийин ал эсине келбей жатып каза болгон.
Бул факт боюнча текшерүү иштери дайындалып, кызматтык иликтөө жүрүүдө. Кошумча маалыматтар берилет", - деп билдиришти милициядан.