Бүгүн, 14-августта экс-депутат Равшан Жээнбеков 3-ирет сурак берүүгө чакырылган. Бирок сурак башка күнгө жылдырылгандыктан, ал суракка кирген жок.
Ал өз сөзүндө учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шылтоосу менен бийликке каршы тургандар жок болсун деген саясат башталганын айтат.
"Атамбаевдин шылтоосу менен оппозициялык саясатчыларды саясий талаадан жок кылуу жүрүп, саясатта жалаң гана бийликти колдогондор калсын деген саясат башталды. Балким, мага каршы да бир нерсени ойлоп тапканы жатышат. Бүгүнкү сурак башка күнгө жылдырылды, эми чакырса айла жок келип кете беребиз да", - деди Жээнбеков.