Эсептөө палатасынын инспектору Ленин райондук №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.
"2019-жылдын апрель айында инспектор Э.К. Ленин райондук №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган. Аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 миң сом берген. Кийинчерээк калган акча каражатын кызматкерлерден чогултуп бермек.
Ыкчам тергөө иштеринин алкагында бул факты аныкталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
26-июлда инспектор кармалып күнөөсүн моюнга алгандыгы тууралуу арыз берип, ошол эле күнү ага карата Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган.
Ал эми оорукананын кызматкери Ш.М.га карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.