Экс-депутат Бактыбек Калмаматов: "Алмазбек Атамбаевдин стратегиялык жүрүштөрү эми башталат". КҮНСОБОЛ

Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Ошону менен катар эле Атамбаевдин тегерегиндеги тарапташтарынын айрымдары камакка алынып, кээ бирлери сурак беришүүдө.

SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаев камалды. Эми бийликке оппозиция ким болот?" деген собол салды.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов жакында мурунку президенттин жакындары бир нече саясий күч курашы мүмкүн деген ойдо.

"Ал бийликтин мындан аркы кадамдарынан көз каранды. Атамбаев камалганы менен анын тарапташтары күрөшүүнү токтоткон жок. Алар бийликтин ар кандай катачылыктарын, адашууларын күтүшөт. Анан калса башка саясий күчтөрдү кураштырышы толук мүмкүн, ага бир нече негиздер да бар.

Алмазбек Атамбаевдин стратегиялык жүрүштөрү эми башталат. "Этегин булгаган колун аябайт" деп бекеринен айтылган эмес, эми анын тарапташтары, тагыраагы, жакындары башка лозунгдар менен бир нече саясий күч курашы толук ыктымал", - дейт Калмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан