Жалал-Абад. Барпы айылынын тургуну 10 бюллетенди урнага салып жаткан жеринен кармалды

Сузак районунун Барпы айылындагы №2118-шайлоо участкасында аталган айылдын тургуну Жолдош Раев   10 бюллеттенди урнага салып жаткан жеринен кармалып, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тарабынан акт түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Торомаматов билдирди. Анын айтымында, саат 15:00гө карата облустун аймагында шайлоо процессине терс таасирин тийгизе турган фактылар болгон жок. “Бардык шайлоо участкалары өз нугунда иштеп жатат. Шайлоонун жүрүшүнө нааразы болуп кат же арыз менен кайрылгандар боло элек. Бирок айрым атуулдар тизмеден өздөрүнүн аты-жөнүн таба албай калган учурлар болуп жатат”,- дейт Торомаматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан