Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Ошону менен катар эле Атамбаевдин тегерегиндеги тарапташтарынын айрымдары камакка алынып, кээ бирлери сурак беришүүдө.
SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаев камалды. Эми бийликке оппозиция ким болот?" деген собол салды.
Экс-депутат Феликс Кулов учурда Кыргыз өлкөсүндө күчтүү оппозиция жок деген пикирде.
"Бул суроого жооп берерден мурун Алмазбек Атамбаев - бул оппозиция эмес деп айтат элем. Себеби оппозиция сөзүнүн саясий маанисин караганда ал оппозицияга кирбей калат. Ал болгону бийликке каршы чыгып жатат. Саясий оппозиция болгондо тиешелүү программасы болууга тийиш, бирок баарыбыз көргөндөй Атамбаевде андай программа жок.
Учурда бийликке, президентке, башкы прокуратурага сындар айтылууда, бирок Атамбаев оппозиция эмес, анын каршы чыгууга жеке себептери бар.
Менин пикиримде, реалдуу оппозиция шайлоо башталганда чыгат, бирок учурда күчтүү оппозиция жок. Ал эми такыр ийге келбеген оппозиция деп Адахан Мадумаровду айтууга болот. Акыркы учурда Азимбек Бекназаров "Элдик курултай" өткөрүп, "Конституцияны өзгөртүү керек" деп жүрөт, бул нерсе программага кирет. Андан кийин өкмөт колдосо бул оппозиция эмес, колдобой койсо кандай болуп калат?" - дейт Кулов.