Конор Макгрегор UFC'нин жаңыланган рейтингинде Валентина Шевченконун "чаңында" калды

Мушкер Валентина Шевченко UFC'нин эң мыкты мушкерлеринин рейтингинде бир тепкичке көтөрүлдү. Аталган рейтинг салмак чендерди эске албай түзүлөт.

Жаңы рейтинг UFC Fight Night: Shevchenko vs. Carmouche 2 турниринин жыйынтыгы менен түзүлгөн. Турнир 11-июлда Уругвайда өткөн. Аталган турнирде Шевченко Лиз Кармуш менен кез келип өзүнүн чемпиондук титулун коргоп калган.

Жаңы рейтингде Шевченко 12-тепкичке көтөрүлүп, экс-чемпион Конор Макгрегорду артта калтырган. Аталган рейтингде 1-орунду оор салмак чениндеги америкалык мушкер Даниель Кормье алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2019-08-14 19:34:04
Валя алга жана ийгилик!
+5
Jasi.jasi
2019-08-15 13:42:49
Молодец кыз!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан