Бүгүн, 14-августта УКМКнын СИЗОсунда кармалып отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов жолугуп, абалын сурап чыкты. Ал бул тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
“Алмазбек Атамбаевдин абалын жеринен көрүп, таанышып кайттык. Анын эч кандай арыз-дарты жок экен. Дары-дармек менен камсыз болгонун айтты. Ал жердеги персоналдык көзөмөлгө дагы канааттана турганын билдирди. Медицина кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин кан басымын күнүнө үч жолу текшерип турарын, администрацияга дагы эч кандай доосу жок экенин кошумчалады. Болгону түндө уйкусуна тоскоолдук жараткан жарыкты өчүрүп коюуну суранды”, - деди Нурдин Сулайманов.
Алмазбек Атамбаев 8-августта күч органдарынын атайын операциясынан кийин кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.