Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын камакка алынышы боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүүсүн жазып чыкты.
"Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү карасам "Эмнеге атаң жөнүндө үн катпайсың? Кырдаал тууралуу оюң кандай? Эми эмне болот?" деген суроолор көп болууда. Мен эми кичинекей макимди алып алып Ак Үйгө барып сес көрсөтүшүм керекпи же эмне ортого 84 жаштагы таенебизди салып жамандайлыбы тиги же бул күнөөлүү деп. Мен бир сөз айтсам эле иш оңунан чыгып кетеби?
Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшөлтөт, абдан оор абалдабыз. Бирок азыр тынч ойлорду бир жерге топтоп, эч кандай провокацияга алдырбай, ойлонуп иш кылышыбыз керек.
7-8-августтарда болгон окуяларга азыр баа берүүгө эрте жана бул баа бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбошу керек. Буюрса, укук коргоо органдары адилеттүү изилдеп, калыс жана туура баа беришет деген үмүттөмүн. Сабырдуу бололу", - деп жазат Сейтек Атамбаев.