Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун билдирүүсү тарады. Билдирүүнүн толук тексти төмөндөгүдөй:
"14-августта мен Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун жактоочусу катары Аскер прокуратурасында суракка катыштым. Асановдун үйүн тинтүү учурунда да болдум.
Маалыматты ачыкка чыгарбоого кол коюп бергениме байланыштуу учурда көп нерсени айта албайм. Мындан сырткары, ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн бүтүмү менен таанышып чыктым.
Баса белгилеп кете турчу жагдай, эмне себептен ИИМдин ички иликтөө кызматынын жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгы Курсан Асановго тааныштырылбай туруп, алгач ЖМКларга чыгып кетти? Кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы шашылыш чыккан. Ал жыйынтыктар толук кандуу далилденген дагы эмес. Курсан Асановдун жана көптөгөн башка адамдардан түшүндүрүүлөр да алынган эмес.
Кызматтык иликтөөнүн бүтүмү Курсан Асановду кызматтык кылмышты жасады деп шектеп жатат. Анын жыйынтыгы тергөө жолу менен иликтенбей туруп ЖМКларга жарыяланышы Ички иштер министри өзү кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, конституциялык айыпсыздык презумпциясынын принциптерин, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн регламентинин нормативдик укуктук актыларды бузууда.
Менин оюмда Кашкар Жунушалиев бул нерсени өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жасап, орун басары өзүнүн милдеттерин андан жакшы аткаргандыгы үчүн аны жаманатты кылгысы келди. Муну менен Курсан Асановдун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирилип милициянын кадыр-баркына доо кетти.
Мындан улам, мен иликтөө иштери бейтарап болуусу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн президенти, премьер-министрине кайрылып Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кызматынан четтетүүнү өтүнөм. Себеби бул иштеги көп күбөлөр азыркы милиция кызматкерлери жана аларга кысым жасалышы мүмкүн", - дейт жактоочу.