Ажылык сапарга кеткен кыргыз зыяратчылары 17-августтан тарта мекенине кайтат

Ажылык сапарга барган кыргыз зыяратчылары ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн Мекке шаарына кайтып келишти. Ажылар учурда мекенине кайтууга камылга көрүп жатканын Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлады.

"17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат. Азыркы мезгилде 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылардын мекенибизге кайтуу рейстерин такташууда. Ажыларыбыз мамлекет, элибиз, жерибиз үчүн дуба кылышып, Жараткандан жакшы тилектерди сурашты", - деди маалымат кызматынан.

- Кыргыз ажылары үчүн быйыл ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу атайын автобустар уюштурулуп, алар 25-августка чейин өз иштерин улантат.

- Ажылар үчүн 2 маал ысык тамак каралып, ажылыкты туура аткаруу боюнча атайын сабактар уюштурулду.

- Ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен Сауд Арабиясынын ажылык министрлигинин өкүлдөрү тарабынан коопсуздук эрежелери боюнча атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

- Ажы башчыларга ажыларга кызмат көрсөтүү, коопсуздук жаатында окутууларды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турду.

- Ажылыкты уюштуруу штабы Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө жана Жамаратка (шайтанга) таш атууда Сауд Арабиясынын ажылык министрлиги тарабынан берилген эрежени так сактап, бардыгын өз учурунда көзөмөлгө алышты.

- Арафат өрөөнүндөгү чатырлар жаңыланып, заманбап аба үйлөгүчтөр коюлду.

- Муздалифа өрөөнүндө ажылар үчүн атайын килемдер төшөлдү.

- Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылардан кабар алып, аларга ажылык боюнча баяндама жасады.

- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген 16 дарыгер 24 саат бою иш алып барышты.

- Мекке шаарында кыргыз ажыларынын ден соолуктарын көзөмөлдөп туруу үчүн атайын 3 медициналык пункт иш алып барып, 2 тез жардам унаасы иштеди.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргыз өлкөсүнө 6010 квота бөлүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
warcaw
2019-08-15 11:24:05
Кандай бактылуу адамдар,бизге дагы насип этсин, биринчи мүмкүнчүлүк болсо ата-энеми жиберет элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан