Next TV телеканалынын оператору ИИМге суракка чакыртылды

Next TV телеканалынын оператору Улан Нурманбетов Ички иштер министрлигине суракка чакыртылды. Ал Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча чакырылганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ, 14-августта милиция кызматкерлери Инстаграм баракчасы аркылуу жеке каттарды жазып, номеримди сураган. Алар мага 8-августтагы окуя боюнча сүйлөшө турган сөздөр бар экенин жазышкан. Бүгүн, 15-агустта жумушка суракка чакыруу кагазын таштап кетишиптир. Саат 14:00дө ИИМге барам. Айрым видеолорго тартылып калгам ошол үчүн чакырып жатышса керек", - деди ал.

Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "бейбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган.

10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Алга Кылычов жана Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды.

11-августта "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кетишкен.

12-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева УКМКга сурак берип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан