6-августта Ысык-Көл облусундагы “Карвэн - төрт мезгил”, “Радуга” эс алуу жайларында чыккан чатакка байланыштуу учурда ОИИБинин жетекчиси Эмил Салиев, акимдер, пансионаттардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жолугушуу өтүп жатат. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Айтымында, азырынча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы белгисиз. Эскерте кетсек, 6-августта аталган пансионаттардын күзөт кызматкерлери менен жашоочулардын ортосунда чыр чыгып, эс алуучу жайлардын дарбазалары талкаланган болчу. Буга жергиликтүү жашоочулардын көл жээгине аталган пансионаттардын аймагынан акча төлөп өтүүлөрү себеп болгон.