Жалал-Абад. Шаарда жылуулук системине муктаж 180 көп кабаттуу үй бар
Жалал-Абад шаарында 16 от казан бар болсо, анын жарымы көп кабаттуу үйлөрдү жылытат. Ал эми 8 от казан социалдык мекемелерди жылытууга кызмат көрсөтөт. Муну бүгүн, 7-августта Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев билдирди. Айтымында, шаардагы 214 көп кабаттуу үйдүн 32си гана жылуулук системи менен камсыз болгон. Калган көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей келгенине 10 жыл болуп калды. "Учурда 180 үйгө жылуулук берүү системин кошуу керек. Бирок тетиктердин баары жаңылоону талап кылат. Жашоочулардын биринин колунда бар болсо, башкасы жакыр жашайт. Аларды оңдоого акча таба алышпайт",- деди мэр. Быйыл 10 көп кабаттуу үй жылуулук системи менен камсыз болуш керек болсо, акчанын тартыштыгынан 3 көп кабаттуу үй жылуулана турганын кошумчалады шаар башчысы.