Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Робин Орд-Смитти жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, коюлган милдеттерге жетишүүгө ийгилик каалады.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, башка жооптуу кызматтарда тажрыйбасы бар Робин Орд-Смиттин бизнес-акыйкатчы кызматына талапкерлиги бул бизнес-коомчулук жана чет элдик инвесторлор үчүн оңдуу белги.
"Өлкөдө ишкерлер көбүнесе өздөрүн корголбогон катары сезишет, ишкерликти жөнгө салуунун таза эмес, мыйзамда каралбаган механизмдери тууралуу бизнестен көптөгөн кайрылуулар түшөт. Эл аралык тажрыйбада таасирдүү механизмдердин бири Бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү болуп саналат. Бизнес-акыйкатчыны дайындоо, бул институтту ишке киргизүү жарандардын жана бизнес-коомчулуктун өкмөткө жана мамлекеттик органдарга ишенимин жогорулатат. Коррупциялык көрүнүштөрдүн жана башка укук бузуулардын жана бизнестин мыйзамдуу кызыкчылыктарын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгына көмөк көрсөтөт деп ишенем", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Ал бизнес-акыйкатчы кызматында Робин Орд-Смит ишкерликти өнүктүрүүгө жана бизнес чөйрөнү жакшыртууга зор салым кошоруна ишеним билдирди.
Премьер-министр бул уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана бекемдөө үчүн "Бизнес-акыйкатчы жөнүндө" сапаттуу жана бардыгын камтыган мыйзам долбоорун тезинен даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Маектешүү учурунда Бизнес-акыйкатчы институтунун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, өнөктөштүк келечеги жана өз ара аракеттенүүсү талкууланды.