Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев УКМКга келди. Бирок аларды киргизбей жатат.
Бүгүн, 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы УКМКда өтүп жатат. Соттук көчмө жыйын эмне үчүн ал жакта өтүп жатканына Атамбаевдин тарапташтары нааразы болуп жатат.
Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызы Бишкек шаардык сотунда каралмак.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.