Бүгүн, 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып жаткан УКМКнын имаратына депутат Ирина Карамушкинаны да киргизбей коюшту. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчыбыз билдирди.
"Мыйзам боюнча депутаттык мандатым менен бардык жабык мекемелерге кирүүгө укугум бар, бирок УКМКга мени да киргизбей коюшту, мыйзам бузулуп жатат", - деди Карамушкина.
Буга чейин УКМКнын имаратына экс-президенттин аялы Раиса Атамбаеваны, уулу Кадыр Атамбаевди да киргизбей коюшкан.
Кечээ Атамбаевдин жактоочулары 16-августта мурдагы президенттин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунун имаратында караларын билдиришкен. Бирок бүгүн Бишкек шаардык сотунун судьялары ал процессти УКМКнын имаратында өткөрө тургандыгы маалым болуп, учурда көчмө жыйын өтүп жатат.