super.kg logo
  Саясат  

Кадыр Атамбаев: "Мен атамдын жакшы атын коргогонго милдеттүүмүн"

 

Бүгүн, 16-августта Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Ага анын жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев да келди. Бирок алар процесске киргизилген жок.

Журналисттер Кадыр Атамбаевге Дача-СУга кулаган учактагы жүктүн тегерегинде суроо беришти. Экс-президенттин уулу бул суроого жооп берип жатып, эл жомокко ишенип жатат деп белгиледи.

"Текебаев (ред.Өмүрбек) андагы жүк тууралуу такыр башка кепти айтып жаткан. Жакында эле интервьюсунда чайнекке алтын салып келишкен деп айтты. Алтын, баалуу буюмдарды ким чайнекке салып ташыйт? Түркия, Казакстан өкмөтү Атамбаевдин байланышы бар деген кепти четке каккандан кийин мындай калп, жомокту айтуунун кереги жок. Эл кантип мындай уламышка ишенип жатат билбейм", - деди ал.

Андан кийин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү анын жакында коомчулукка жасаган кайрылуусу жөнүндө айтышып, саясатка киришүү ниетиңиз барбы деп сурашты.

Кадыр Атамбаев: "Атамды камап жатышса кол куушуруп отура бербейм да, оюмду айтышым керек. Мен саясий элитаны жакшы билем, атамдын сөзүн эстеп кеттим, ал азыркы эски саясатчылардын баарын өзү менен кошо ала кетиши керек. Ким эмне дебесин, атам президенттик мөөнөтүндө энергетикалык тармакты көз карандысыздыкка алып келди, бир топ ири долбоорлор ишке ашырылды. Бул иштер эсте калат. Мен анын жакшы атын коргогонго милдеттүүмүн. Ал эми Жээнбеков кайсы иши менен мактанат, менин байкуш апама кылмыш ишин ачты, атамды камады. Эмне дейм, өздөрүнүн максатына жетишти", - деди.



Кадыр Атамбаев Кой-Таш, Дача-СУ саясий элита тууралуу айткандары

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132491;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: