Бүгүн 16-августта экс-депутат Равшан Жээнбеков ИИМдин Тергөө башкармалыгына 5-ирет сурак берип чыкты. Тергөө убактылуу токтотулганын ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Менин көз карашымда сурак жалпысынан бүттү. Бардык маселелерди талдап чыктык, мен өзүм дагы колумдан келишинче жардам бердим. Менин байкашымча тергөө дагы объективдүү карап чыкты. Эч кандай күнөөм жок экенине тергөө ишенгендей болду. Себеби, ошол жакта жүргөн бардык ЖМКлардын видеолорун жаздырып келип көрсөттүк. Менин ал жердеги ролум даана көрүнүп турат. Тынчтыкты орноткон адам катарында, атайын кызматтын балдарын куткарууга жардам бергенимди, провокациялык аракеттерди болтурбай койгонумду көрүштү анан тергөө токтотулду деген ойго келдим. Кайра дагы чакыруусу мүмкүн. Бирок тергөөнүн бардык суроолоруна жооп бердим", - деди Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков 15-августта дагы төртүнчү ирет ИИМдин Тергөө башкармалыгында суракта болуп 7 саат кармалган.