Абакта отуруп чет элдик ишкерден пара талап кылган жаран аныкталды

Бишкекте чет элдик ишкерден акча талап кылган жарандын аты-жөнү аныкталды. Ал кылмыш ишин абакта отуруп ишке ашырганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

"2018-жылы күз мезгилинде өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар түркиялык ишкерди опузалап, коркутуп акча талап кылышкан. Мындан тышкары алар ишкерге ай сайын акча берип турасың дешкен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштеринин алкагында телефон чалуулар текшерилип, чогултулган материалдардын негизинде 33 жаштагы аял криминалдык иштерге катыштыгы бар экени аныкталган. Ыкчам тергөө иштери улантылып, тергөөчүлөр тарабынан окуяга тиешеси бар делинип 1990-жылы туулган С.С. уулу аттуу Оштун тургуну аныкталган. Ал адам өлтүрүү, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, опузалап акча талап кылуу сыяктуу коркунучтуу иштерди жасаган деген айып менен абакка отуруп чыккан. Белгилүү болгондой, ал абакта отурганда жеке ишкерлерге телефон аркылуу чалып, коркутуп акча талап кылгандыгы аныкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал күнөөсүн моюнга алган. Ал эми кылмыш ишине катыштыгы бар делинген 33 жаштагы аял шектүүнүн жарандык никедеги жубайы экени маалым болгон", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан