Ырчы Каныкей эми вокал боюнча сабак берет. Мындан тышкары, ал окуучуларынын үнүнө, тембрине карап жаңы чыгармаларды жазып бере турганын айтат.
"Вокал мектебин ачууну көптөн бери ойлонуп жүргөм. Анын үстүнө вокал боюнча сабак бересизби деген суроолор, сунуштар көп болот. 3 дипломдун ээси болгондуктан пайдалуу иш жасоо максатында сабак берүүнү чечтим. Алгач кайсы жакта иштесем деген ой болду. Мамлекеттик жайларга барсаң баалабайт, тескерисинче басынтат. Мындан улам мектеп ачууну пландап, мекеме издедим. Ошентип режиссёр Элнура Осмоналиеванын мектебине бардым. Ал менин вокалдан сабак берүү идеямды колдоду.
Буюрса, окуучуларымдын үнүнө, тембрине карап жакшы чыгармаларымды тартуулайм. Азырынча биринчилерден болуп Айпери Кубик кызына жаңы чыгарма жаздым. Чыгарма анын үнүнө туура келет", - дейт ал.
Ырчы учурда вокал боюнча сабакка жазылуу жүрүп жатканын кошумчалады.