Ырчы Жоннинин иниси операция жасатуу үчүн Түркияга кетти

Ырчы Жоннинин бир тууган агасы Нарынбек Маанаевдин 4 жарым жаштагы уулу Нуриман Түркияга операция жасатуу үчүн кетти. Операция Стамбулдагы алдыңкы ооруканалардын биринде болот. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

"15-августта Нуриман атасы, апасы менен Стамбулга учуп кетишти. Азырынча операция кайсы күнү болору белгисиз. Операция жасатууга 32 миң доллар акча керек экен. Каражаттын жетпей калган суммасын кайрымдуулук концертинен түшкөн акча менен толуктадык. Нуриманга операция жасалгандан кийин 1-2 ай реабилитациялоо болот. Ал эми Бишкекке келгенден кийин эки бутуна операция жасалат", - деди ал.

SUPER TV буга чейин Нуриман операцияга муктаж экенин, анын омуртка, жамбаш жана бут сөөктөрү жабыркагандыктан баса албай тургандыгы тууралуу материал даярдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aiza9797
2019-08-16 22:18:30
Жакшы болуп кет ширинтай. Кудайым балдарыбызга дарт бере көрбө...
+12
aydinnur
2019-08-16 23:49:23
Айыгып кетсин! Бирок бул бала ким Жонни деген?
-2
urmat94
2019-08-17 01:38:46
aydinnur,"мен сени куттум куттум куттум ай
Журогум ооруп турат сага жете албай" деген ырды уктун беле))
+2
urmat94
2019-08-17 01:40:40
aydinnur, депутат да бул)) текстти окуп анан комментарий жаздынбы???
+3
sara90
2019-08-17 01:50:26
Эх жашоо бул кичинекей жожолордун бул дуйнодо эч бири оорубаса экен...Аман эсен мекенине денсоолугун чын болуп кайтып келишине тилектешмин....эч бир Жан оорубасынчы....
+6
Nevestkaa
2019-08-17 19:33:39
Нуриман сакайып чуркап калсын.Апасы эле барып акчаны экономдоп жолкиреге кеткен акчасын реаблитацияга жумшаса батырак айыгат беле дейм да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан