Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, майрамдар эс алуу күндөрүнө туш келсе, анда дем алыш күндөрү эртеси күнгө жылдырылат. Быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туш келет, бирок 2-сентябрь дүйшөмбү иш күнү болот. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдады.
"2-сентябрь дем алыш эмес иш күнү болот. Анткени мамлекеттик кызматта иштеген жумушчулар эс алуу күндү ушул жылдын 4-январында пайдаланган", - деп жазылат маалыматта.