Ош шаарындагы “Сулайман тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин базасындагы Асаф ибн Бурхия күмбөзүндө учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул иштерге музей тарабынан 140 миң сом бөлүнгөн. Ал эми демөөрчүлөр 60 миң сомдук декоративдик тосмо куруп берери күтүлүүдө. Түнкүсүн жарык кылуучу лампалар да орнотуларын музейдин экспозиция бөлүмүнүн башчысы Хайрулло Ибайдуллаев билдирди. Күмбөздүн оңдоодон кийинки ачылышы 31-августта, эгемендүүлүк күнүндө болуп, анын оңдоого чейинки жана андан кийинки сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат. Эске сала кетсек, күмбөз XVI –XVIII кылымдарда Ферганалык усталар тарабынан курулган. Күмбөз буга чейин 1980-83-жылдары жана 2000-жылы реставрацияланган.