Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү күтүлөт

16-17-августта республиканын тоолуу жана бийик тоолуу аймактарындагы нөшөрлүү жамгырга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарындагы айрым аймактарда нөшөрлүү жаан-чачын болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 17-22 сантиметрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин түрдө төмөндөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан