Атамбаевдин уулу менен Текебаевдин кызынын кайым айтышуусу кечирим суроо менен аяктады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаевадан кечирим сурады. Кечирим суроого Кадыр Атамбаевдин Текебаевдин дарегине карата "акылынан ажыраган келесоо" деген сөзү себеп болду. 16-августта Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, ага мурдагы президенттин жубайы, балдары дагы келген. Анда Кадыр Атамбаев Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча комментарий берген.

"Текебаев Атамбаевге каршы күрөшүүдө өзүн актоо үчүн жомок ойлоп табышы керек болгон. Ошентип аларга Дача-СУ боюнча жомок табылды. Анда документтер түрк тилинде каталары менен жазылган. Анда ишенүүгө мүмкүн болбогон атайын ойлоп табылган абал, болбогон кеп экени жазылган. Мен үчүн бул акылга сыйбас окуя. Текебаев алгач бизди электр техникаларын ташып келет деди. Кийинчерээк чайнекке алтын салып ташышат дей баштаган. Бул акылынан ажыраган келесоо. Түркиянын элчилиги бул маалыматты четке каккандан кийин ушундай нерсени кантип ойлоп табат? Кийинчерээк жүк япониялык тамеки компаниясына таандык экени маалым болду", - деген ал.

Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаева Кадыр Атамбаевдин билдирүүсүнө реакция кылды.

"Бул жакшы эмес. Анын деңгээлине түшпөйм. Чын элеби? Мен бул куру сөзгө комментарий бергим келбейт! Бул видеонун алгачкы секундаларында эле жагымсыз болгондуктан аягына чейин көргүм келген жок. Бир эле нерсе айткым келет, ал атасын коргоп айтылгандарга (Дача-СУ окуясы боюнча) макул эмес болсо дагы (мен аны түшүнүп турам) кызуу кандуулукка алдырбай, адамдын жеке дарегине өтүп, мазактабашы керек", - деген жообун калтырган.

Кийинчерээк Кадыр Атамбаев бул сөздү ал башкача ой менен айтканын, журналисттер сүйлөмдү кыскарткандыктан сөздүн мааниси бурмаланып калганын жазып чыкты.

"Бүгүн "акылынан ажыраган келесоо" деген фраза менен аша чаап кеттим. Бирок ал сөздү башкача мааниде колдонгом. Массалык маалымат каражаттары "кичипейилдик менен" кыскартып коюуну чечишкен. Албетте, бул сөз мени актай албайт. Өмүрбек Текебаевдин кызынан тарта баарыңыздардан кечирим сурайм. Мени баары менен кайраштыргысы келген адамдарды аңдап-туюп турам", - деп фейсбуктагы баракчасына жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
kechirmeni
2019-08-17 10:57:42
бул бала атасынан да откудой го балп этме жагынан,дооруп дооруп алышып анан монтаж деп чыгышат экен
+38
J1irg
2019-08-17 12:08:46
kechirmeni,
Бүгүнкү Сооронбайдан өткөн дөөрүгөн адам жок. Жээнбеков жакын арады элге эч нерсе жасай албастыгы элдин көзү жети. Сооронбай кетсин!. Элибиз бир колхоз Сооронбайды АШАга ишенип шайлап алышкан экен. АША азаматсың. Сооронбайга караганда көп иштерди жасадың.
-29
Altyn.bala
2019-08-17 12:21:59
J1irg,Туптуура Алмаз Шаршенович балп эттирсе дагы оюн айта алчу.А Сокечи?Озунун оюн айта албай жардамчылары кыйратып жазып берген барагын тиктейт.Ч.Айтматовтун эстелигинин ачылышына Москвага барып не болду?4 сап ырды айта албай уят болду го орустарга.Айтайын дегеним Сокени Атамбаевге салыштырбагыла.Атамбаев тоочолук ойдо.
-4
Jaznura
2019-08-17 20:31:32
Altyn.bala,силер балп эткенге татыктуу турбайсынарбы
+5
tihonkg
2019-08-17 14:42:35
J1irg,сен озундун позицияна элди кошпогуну жээнбеков суткорлорду почти баарын камады менин козум жетти рахмат ажобузга
+10
Altyn.bala
2019-08-17 15:22:40
tihonkg,макул дейли.А Раим жонундо эмне дейсин?
+4
ooki8888
2019-08-18 19:28:24
Altyn.bala, Раимды кийинки шайланган президент камайт. Ошондо баардыгы оз ордуна келет, сарсанаа болбо доске.
-1
Anti-S
2019-08-18 22:08:42
Altyn.bala, раимди куноосу болсо камалмак давно
-1
Anti-S
2019-08-18 22:07:46
J1irg,Сооронбай дооругон жок. Дооруктор камакта. )))
+1
Dalil
2019-08-17 13:00:58
kechirmeni,кыскасы алма сабагынан алыс түшкөн эмес.
+9
Aiman0303
2019-08-17 11:13:21
Бул бала точна эле депутат болотургандайго, алдаганды жакшы эле уйронуптур хан сарайдан башка барганы уйубуз жок деди эле, Бишкектин Жал микрорайону атасы менен апасынын менчиги экенго.
+22
J1irg
2019-08-17 12:16:45
Aiman0303,
Сооронбайдын 300 гектар жерин ким камака алат. Андан башка мүлктөрүн ким текшерет. Жээнбековтор адам деле эмес экен.
+8
Jaznura
2019-08-17 20:32:20
J1irg, азыркы президенке каршы троллдор жайнап кетиптир го козу карындай. Атамбаевдей уурунун эмнесин жактайсынар
+8
Kyrgyz_bloger
2019-08-17 13:21:57
Aiman0303,уйубуз жок деп айтканда ошондо эле калган байлыктарын камака алып койсо керек.
+8
elchi84
2019-08-17 11:29:22
Атасынын баласы да....!
+17
Nestana95
2019-08-17 11:49:52
Эхххх.......аман болсок экен,эл-жерибиз менен(((((Акыбал ото кейиштуу,мурун талкууда шой бизнес турчу ар дайым,азыр сасык саясат,,,,,,болгондо да билип турган чындыктын бурмаланышын кундо окуп,соз кылмай!((
+7
Catti-80
2019-08-17 13:04:52
Дооруп койгону аша эле экен
Калп айтканы дагы
+3
Aikaaaa
2019-08-17 13:31:57
Атамбаевдин байлыгын эле айтып отуруп калдыңарбы? Ал өзүле жаап жашырбай айтпады беле, бай экенин. Акаев минтип жүргөндө мен мындай болчумун деп эле. Бул качанкы Атамбаев, мен билгенден 90-жылдары атын уккам. Заводдордун ээси деген сыяктуу рекламасы да бар эле, бала кезибизде, улам Атамбаев дедиртип
+2
Aikaaaa
2019-08-17 13:35:12
Канча айдан бери Матраимовдун байлыгын эсептеп бүталбай атышат эле, Атамбаевдикин эки күндө эсептеп коюшту го
+15
Kgda
2019-08-17 14:41:28
Менимче бул Атамбаевтин байлыгын чыгарган эсептеген апарат заедать этип калгандай туйулду бир эле улицаны же мкр жалды кайталай бериптир. Ээ жазсанар так точна кылып. Мисалы матросов кочосу мынчанчы дарекеги уй. Же джал кичи району 25 уйдо деп.
+14
lightning57
2019-08-17 15:15:27
Баласы жонокой эле сезилди, бул жерде чын эле гезиттер куноолуу,созду ар жака бурмалап, окурман кобойтуу учун аркимди тукурат,уят эле эээ...Дагы экоосу тен акылдуу экен,бутпогон жомок кылышкан жок,ар санында кайым айтышып...Азаматтар, уул кыз деген силердей болушу кк
+8
aydinnur
2019-08-17 17:05:42
Баласы келечектеги президентибиз кудай буюрса!
-6
tynara81
2019-08-17 18:04:03
aydinnur,кудай сактасын
Кыргыз тилин билбеген инсанга кыргыз элинин да кереги жок. Өз элинин, өз тилинин чыныгы патриоту келсе экен деп тилейли.
+5
souza.j
2019-08-17 18:30:23
Текенин кызы тырс го.
+7
Aidar.001
2019-08-17 18:50:45
souza.j,зынк экен ооба :)
0
Jaznura
2019-08-17 20:33:24
Бул эки саясий чириктин балдары силерге эмне кылып берет эле. Эмне эле тытышып атасынар
+1
tokur60
2019-08-18 10:20:57
Азырынча Сооронбай Шарипович менен АША ны салыштырып болбойт, Атамбаев 6 жылда Бакиевтин калган проектерди эки эсе кымбат баада аткарды, озунун козго корунорлук проектиси жок. Публикага качан болсо маскара болуп журду, балп этип, кучактап калып жб. Азыркы президент аягына чейин иштесе коп корупционерлерди жок кылат. Атамбаев резиденциядан чыкпай, копчулук убакта ичип жаткан, Ельциндин жолун кайталады мамлекеттин карызын кобойтту. Алдыда жургон миллиондорду уурдаган ууруларга ишенип,
-2
SHERBOLAT
2019-08-18 13:20:07
Биздин президент сонун иштеп жатат. Мындай камолор болгон эмес тарыхта. Президенти мазактагандарга олконун осушун калабагандар деп тушуном. Бул менин жеке ойюм
-1
ooki8888
2019-08-18 19:35:07
Ай-Данек ты супер!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан