Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин "катуу сабалды" деп тараган маалымат боюнча бүгүн, 17-августта ИИМ билдирүү таратты.
"Сейитбек Атамбаев ИИМдин Тергөө башкармалыгына 8-август күнү чакырылган. Анын денесинде эч кандай жаракаттар болгон эмес. Эртеси күнү 9-августта сурак учурунда Сейитбек Атамбаев бутун кайрып алганын айтты. Бутун кайрып алганы боюнча ал Бишкек шаарынын Манас кең көчөсүндө жайгашкан ооруканага кайрылганын айткан. 7-8-августтагы окуяларда эч кандай жаракат алган эмес. Учурда ал жаракаттарды кайдан алганы аныкталууда. Сейитбек Атамбаев сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин негизинде суракка алынууда", - деп билдиришти министрликтен.