Кечээ ИИМ Сейитбек Атамбаевдин кайнатасы Дж.М. аттуу жарандын үйү тинтүүгө алынганын маалымдаган. Тинтүү учурунда үйдөн Сейитбек Атамбаев тарабынан калтырылган сумка табылганын жана анын ичинен 170 миң сом, 2 миллион 225 миң сом жана 318 миң доллар акча каражаты кайсы жактарга сарпталганы тууралуу жазылган кагаздар алынганын жарыялаган. Бүгүн, 18-августта "Апрель" телеканалынын сайты Сейитбек Атамбаевдин кайрылуусун жарыялады.
"УКМК жетекчиси журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, элдерди «отургузгандан» кийин кызматтан кетерин белгиледи.
Бул эмне - өч алуубу же кандайдыр бир таарынычпы?! Менин оюмча, мамлекеттик кызмат менен жеке мамилелердин ортосунда чек болушу керек. Бизде эмне 1937-жылбы?! Эмне үчүн бизде мамлекеттин коопсуздугу үчүн жооп берүүчү аткаминер бийликтин көз карандысыз бутагы болгон соттун функциясын өзүнө алып алаарын эркин жана ачык айта алат? Эмне үчүн бардык жакта өзүм билемдик орун алды? Эмне үчүн мыйзамсыздыктын учу-кыйыры жок болуп баратат? Эмне үчүн бийликти мыйзамсыз чабуулдун кесепетинен муштум жеп, ок жеп жана зомбулук көргөн жүздөй адамдын тагдыры кабатырлантпайт?
Кой-Таштагы биринчи операциядан кийин Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, Орозбек Опумбаев «ок чыгарууга уруксат бербегенине» өкүнөөрүн билдирди.
Биздин атабызды коркок деп атаган Опумбаевдин сөздөрү сандырактык жана болгону ырайымдуу жылмаюуну чакырат! Атам качып кетпей, эл менен калган мындай рангдагы жападан жалгыз саясатчы! Кыргыз өлкөсүндө эл кубалап ийген эки президент жана эл өзүнүн өмүрүн, ден соолугун жана эркиндигин аябай коргогон бир президент болду! Мен улуу даанышмандыкты көрсөткөн элим менен чексиз сыймыктанам! Менин атамды эл басып алган жок, менин атамды бийлик басып алды!
Айта кетерим, кыргыз элинин жаңы мууну жаш болсо да, эскилерге карама-каршы келатат! Алардын арасында лидер болчулары эмитен эле байкалууда. Азыркы жаштар калыс сөздүү жана менин байкашымча, Кудай буюрса, жакынкы келечекте биз эски, чала сабат, дүжүр чимкириктерди көрбөй калабыз, алардын ордуна жаңы, элита болбосо да, өз өлкөсү үчүн күйгөн эр жүрөк жаш саясатчылар келет!
Атамдын бизге берген тарбиясы менен сыймыктанам! Биз атабызды аябай жакшы көрөбүз жана сыймыктанабыз! Ал бизге ар дайым алдыны карап жашаш керектигин, жүрөгүң ооруп турса да, көз жашыңды көрсөтпөөнү, эч кимден коркпоону, кандай болгон учурда да чындыкты айтууну кулагыбызга куюп келген. Качандыр бир атабыздын үмүтүн актайбыз деп ишенем!", - дейт Атамбаев.