Бүгүн, 19-августта Непалдын Катманду шаарында волейбол боюнча аймактык Азиянын чемпиондугу старт алат. Мелдешке жалпы 7 команда ат салышат.
Кыргыз өлкөсү чүчү кулактын жыйынтыгы менен А тайпасына бөлүндү. Анда үй ээлери жана Мальдив аралдары менен ойнойт. В тайпасында Өзбекстан, Түркмөнстан, Бангладеш жана Ооганстан ойнойт.
Тайпадан 1-2-орунду алган командалар жарым финалга чыгышат.