Суучулдар эл аралык мелдеште Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине сүзүп өтүштү

Issyk-Kul Swim Challenge эл аралык мелдештин алкагында суучулдар Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Кара-Талаа айылынан күнгөй жээгиндеги Тору-Айгыр айылына чейин 14 чакырым аралыкты сүзүп өтүштү. Аталган мелдешке жалпы 22 адам катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында Эмил Турусбеков аралыкты 4 саат 48 мүнөттө келип, 1-орунду алды. Экинчи болуп марага Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков 5 саат 1 мүнөт убактысы менен келген. Бул мелдешке экс-премьер-министр Темир Сариев да катышып, 11-орунга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba.8327
2019-08-19 08:45:05
Шумдук
0
katerina.li
2019-08-19 09:12:54
Ушу жомокко да ишенип алыпсынар эээ. Тобооо
-1
talas0707
2019-08-19 11:04:53
Мелдештин атын кыргызча эле атасак болбойбу? Жети атасы тушунбогон тилде атабай!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан