Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда “Ош электр” ишканасы узундугу 400 метрге жеткен электр чубалгыларын алмаштырууда. Бул тууралуу тармакта иш алып барган топтун башчысы Тыныбек Турдумаматов билдирди. Айтымында, жаңы тартылып жаткан чубалгылар жогорку чыңалуудагы электр энергиясын пайдалануучуларга коопсуз түрдө берүүгө шарт түзөт.