"Кааласаӊар сойку катары иштетсеӊер болот. Сурап алар эч кимиси жок". Жалал-Абадда 19 жаштагы кызды жүз миң сомго сатмакчы болгон аял кармалды

Жалал-Абад шаарында адам сатууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарында аял 19 жаштагы кызды сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

"Маалыматты текшерүү учурунда Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы жашоочусу Ч.М. 19 жаштагы М.Д. аттуу кызды жүз миӊ сомго сатууну көздөп жаткандыгы аныкталган. Мындан улам милиция кызматкерлери атайын сатып алууну каалаган адамды дайындап, маалыматты дагы бир жолу текшерип көрүшкөн. Кызды сатууну каалаган аял жаш кызды жүз миӊ сомго баалап, аны каалагандай пайдалана берсе боло тургандыгын, ата-энеси жана сурап алар адамы жоктугун айткан.

Натыйжада криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кызды тез арада куткарып калуу операциясы иштелип чыккан. Анда кызматкерлер сатуучу аял менен байланышка чыгышып, аял нак акча болсо 50 миӊ сомго эле сата турганын билдирген. 14-август күнү алдын ала даярдалган акчаны берүү учурунда Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманканасынан шектүү Ч.М. кармалып, жанынан тиешелүү суммадагы акчалар чыккан. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам сатуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми жабырлануучу кыз бошотулуп, ал кыздын жакындары такталууда. Кыз моралдык-психологиялык басымга дуушар болуп, коркуп калган. Кылмышка шектүү Ч.М.нын баш коргоо чарасы 16-август күнү каралып, 2 айга камакка алынган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

“Каалагандай иштетсеңер болот” деп 19 жаштагы кызды сатканга шектүү аял кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
TIMON_BERKOWITZ
2019-08-19 12:04:31
Өзүн сойку кылыш керек! Эркектер жаткан түрмөгө киргизип койгула, сойкунун абалын билсин.
+36
-Sumitra-
2019-08-19 12:34:58
Тообо,ушунчалык да акмак болобу?Кыздын убалынан коркподу бекен?
+23
katerina.li
2019-08-19 12:51:31
Кыргыздар олуптур го таза эле пейли кеттп. Капырай ооой,ушундай да тозок болот экен эээ. Кандай журогу жок аял болду экен. Озунун бала чакасы бар немеби??
+21
NURSAPAR
2019-08-19 13:00:29
Дааа... кайда эле баратабыз.
+12
meku89
2019-08-19 13:23:44
Өмүр бою эркинен ажыраткыла акмакты.
+14
talas0707
2019-08-19 13:25:02
Ушунун баары ыймандын жоктугунан, кудайдан коркпогондуктан, талашпай эле койгула, бул чындык.
+14
Jasi.jasi
2019-08-19 13:44:30
Э кудай ай!
Эки кун мурун эле "Живой товар" деген кино кордум эле ушунчалык кыздарды кыйнап сатышат экен.
Анан кыргызстанда туулуп осконумо шугур кылып койгом.Бирок ото окунучтуусу биздин олкодо деле мыкаачы адамдар бар экени болду.:((
+18
Avrora2017
2019-08-19 16:32:42
Jasi.jasi,кыргызстанда мыкаачы адамдар бар экенин эми билип атасынарбы канча деген кичинекей Балдар жоголуп табылбай калып атышат сойкулука органга сатышат могундай акмактар
+2
tular
2019-08-19 14:38:36
Андан коро ошол кызды турмушка узатса, 100 000 сомду калын кылып алса деле болмокда, сооп да тапмакда?!
+15
Kgda
2019-08-19 16:15:58
tular,тойго коп акчасы кетип калмакта, шайы койнок кийген жолук салынган эже опасныйго
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-08-19 17:10:45
Кандай эне төрөдү экен?!
-1
katerina.li
2019-08-19 17:36:11
Супер,айланайындар деп алайын чон апаларча,Ошо кыздан Бир маек алгылачы,балким кыцналып жол Таба албай жургон пендедир.
+4
KG.Kushtarbek
2019-08-19 19:38:44
Сат сат сат тоонун аккан суусун сат Дененди сат кызын сат
+1
Ali1510
2019-08-19 19:41:50
Кудай сакта не деген адам
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан