Өлкөнүн 31 калктуу конуштарына айыл статусу берилди

Кыргыз өлкөсүнүн 4 облусундагы 31 калктуу конуштарына айыл статусу берилди. Буга байланыштуу мыйзамга Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылы 26-июнда кабыл алган.

Айыл статусун алган конуштар:

Нарын облусу боюнча:

Кочкор районундагы Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий, Оро-Башы, Тармал-Саз жана Узун-Булак калктуу конуштары. Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушу.

Ош облусу боюнча:

Алай районунун Корул айыл аймагындагы Арал, Араван районунун Алля Анаров айыл аймагындагы Маданият жана Пахта-Абад, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак, Бөрү-Токой жана Желе-Дөбө конуштары. Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш жана Таш-Булак, Гүлстан айыл аймагындагы Беш-Коргон, Бостон жана Чоң-Кыштоо. Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман, Он Эки-Мойнок жана Өрнөк калктуу конуштары. Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу.

Баткен облусу боюнча:

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак жана Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун калктуу конуштары.

Талас облусу боюнча:

Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш конушу жана Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан