Кыргыз өлкөсүндө жоголгон казак альпинисттерин издөөгө Казакстандын аскерлери тартылды

Казакстандын аскерлери Кыргыз өлкөсүндөгү Жеңиш чокусуна чыгышкан 3 казак альпинисттерин издөөгө тартылды. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирет.

Хан-Теңири тоолорунда Мурат Отепбаев, Андрей Корнеев жана Александр Чечулин жоголгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын бирөөсү каза болуп калган.

Маалыматка ылайык, куткаруучу топ тик учак менен 4400 метр бийиктикке көтөрүлөт. Издөө иштери аба ырайынын начарлашы менен оорлошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aza84
2019-08-20 10:11:18
Эртерек табылсын.
+3
Flowhive
2019-08-20 12:50:55
Эмнеге курал менен издешет, биздин жерде
+1
sabirdinovich
2019-08-20 13:52:10
Flowhive, түндөсү карышкырлар кол салса эмне кылсын, кар менен кубаласынбы?
-1
Flowhive
2019-08-20 21:27:53
sabirdinovich,анда ар бир кирген адам куралчан кире беришсинби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан