Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары коомчулуктун сынына кабылууда. Акыркы учурда парламент күзүндө тарап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт деген жоромолдор көп айтылып баштады. Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кимдер эл өкүлү болуп келиши керектиги тууралуу талкуулар күчөдү.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында кимдерди депутат катары көргүңүз келет?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков президентке, өкмөткө каршы чыга алган депутаттар келишин каалай турганын айтты. "Азыркы кездеги жана биздин тарыхыбыздагы парламенттеги депутаттардын көпчүлүгү дайыма президенттин, өкмөттүн гана көзүн карап, жеке өздөрүнүн маселесин чечип келет. Демократия, реформа үчүн күрөшкөн, зарыл убакта президентке, өкмөткө каршы чыга алган, оппозиция боло алган депутаттардын келишин каалайм. Мамлекеттеги маанилүү, актуалдуу маселелерди коркпостон көтөрө алган эл өкүлдөрү келиши зарыл. Бул же тигил келиши керек деп айта албайм. Бирок жалпысынан ушундай адамдар канчалык көбүрөөк келе турган болсо парламент, мамлекет күчтүү болуп, саясат ошончолук таза болот. Бийлик эффективдүү боло баштайт", - дейт Жээнбеков.