Бишкектеги Beta Stores-2де бомба бар деген кабар тарады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган соода түйүнүндө иштеген кызматкер билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта соода борбордун ичиндеги бардык жарандарды сыртка чыгарып жатышат.
Ал эми жеринде милиция кызматкерлери иш алып барышууда.
Кабар тийиштүү органдардын маалыматтары менен толукталат.