Бүгүн, 20-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Ишти Биринчи Май райондук соту карап, мурдагы президентти 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды.
Бөгөт чарасын кароо бүгүн саат 9:00дө башталган. Жактоочулар Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калтырылганын айтып чыгышты.
"Мыйзам бузуулар дагы деле кайталанууда, буга негиз - бүгүнкү соттук процесстин УКМКда өткөндүгү. 26-октябрга чейин баш коргоо чарасынын камакта калтыруу боюнча мөөнөтү узартылды, биз буга макул эмеспиз. Биринчи Май райондук сотунун мындай чечиминен кийин биз эми шаардык сотко кайрылабыз", - деди жактоочу Замир Жоошев.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган.