Волейбол боюнча улуттук курамдын мүчөсү Кылыч Сарбагышев: "Калыстар Непалга тартып жатышты, бирок баары бир биз жеңдик"

19-августта волейбол боюнча аймактык Азия чемпиондугу старт алды. Анда А тайпасында кыргыз волейболчулары үй ээлери Непал менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

"Оюндун жүрүшүндө калыстар Непалга тартуу үчүн болгон аракетин жумшады" дейт улуттук курама команданын башкы машыктыруучусунун жардамчысы Кылыч Сарбагышев.

"Оюн жакшы болду, башкысы биз жеңдик. Калыстардын ишин бардыгы көрүштү, бирок биздин жигиттер баары бир күчтүүлүгүн көрсөтүштү. Непалга Голландиядан машыктыруучулар келген. Андыктан, алар акыркы убакыттарда күчтөнүштү. Чабуулдагы аракеттерди күчөттүк, тосмо жакшылап койгонго аракет кылуудабыз. Ошондой эле топту бергенди күчөтүшүбүз керек. Мальдив аралдары менен болгон оюн да оңой болбойт", - деп алгачкы оюн тууралуу пикирин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2019-08-20 11:42:15
Азаматтар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан