Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: "Жогорку Кеңешке принциби бар, эл үчүн күйгөн адамдар келиши керек". КҮНСОБОЛ

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары коомчулуктун сынына кабылууда. Акыркы учурда парламент күзүндө тарап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт деген жоромолдор көп айтылып баштады. Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кимдер эл өкүлү болуп келиши керектиги тууралуу талкуулар күчөдү.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында кимдерди депутат катары көргүңүз келет?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңешке билимдүү адамдар келиши керек деген пикирде. "Парламенттин кийинки чакырылышына билимдүү, принциби бар, эл үчүн күйгөн адамдар келиши зарыл. Азыркы учурда Жогорку Кеңеште андай депутаттар жок", - дейт Ишенбай Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан