Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Азыркы 120 депутаттын көпчүлүгүнүн кайрадан парламентке келишин каалабайм". КҮНСОБОЛ

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары коомчулуктун сынына кабылууда. Акыркы учурда парламент күзүндө тарап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт деген жоромолдор көп айтылып баштады. Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кимдер эл өкүлү болуп келиши керектиги тууралуу талкуулар күчөдү.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында кимдерди депутат катары көргүңүз келет?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында олигархтардын келишин каалабай турганын айтты. "Парламенттик шайлоодо бул адамдар өтүшү керек деп айтайын десем андай деле киши жок. Белгилүү адамдардын акылын, деңгээлин, билимин баарын көрүп бүттүк. Кийинки парламентте олигархтарды, сүткорлорду көргүм келбейт. Алар эч убакта Кыргыз мамлекетин оңдобойт, жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга коёт. Парламенттик башкарууга өткөнүбүзгө карабай Жогорку Кеңеш көз каранды болуп жатат. Азыркы 120 депутаттын көпчүлүгүнүн Жогорку Кеңешке кайрадан келишин каалабайм. Келген депутаттардын көпчүлүгүн көрдүк. Кийинки чакырылышка ыйманы, ынсабы бар, Кудайдан корккон, элим, жерим деп күйгөн адамдар келсе деген оюм бар. Шайлоо таза өтүп, бийлик административдик ресурстарын колдонбой, добуш сатып алууга жол берилбеши керек. Партиялар идея, программалар менен күрөшүшү керек", - дейт Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан