"Аска" каймана аты менен таанымал болгон америкалык белгилүү актёр, шоумен Дуэйн Жонсон 12 жылдан бери мамиле куруп жүргөн сүйүктүүсүнө баш кошту. Тагыраагы, актёр америкалык ырчы Лорен Хашианга үйлөндү. Ал тойдогу сүрөттөрүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялап "биз муну жасадык" деген билдирүү калтырган.
Белгилүү болгондой, актёр менен ырчынын үйлөнүү үлпөт тою 18-августта болгон.
Дуэйн Жонсон биринчи жубайы Дени Гарсия менен 20 жашында Майамиден таанышкан. 7 жыл өткөн соң мыйзамдуу никеге туруп, 2001-жылдын 14-августунда Симоне деген кыздуу болушкан. Тилекке каршы, алар 2007-жылы ажырашып кетишкен.
Ошол эле жылы актёр ырчы Лорен Хашиан менен мамиле куруп, 2015-жылы Жасмин, 2018-жылдын апрель айында Тиана аттуу кыздуу болушкан.
Дуэйн Жонсон спорт тармагында бир топ ийгилик жаратып, кийин тасма талаасына аралашып, "Малибунун куткаруучулары", "Форсаж", "Экинчи мүмкүнчүлүк" жана башка бир топ фильмдердеги ролдору аркылуу белгилүү болгон.