Бүгүн, 20-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын көчөлөрүн текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Рейдде аталган көчөлөрдөгү тротуарлардын абалы, тазалык, мыйзамсыз курулуштар, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар боюнча жеринде тапшырмалар берилди. Калаа башчысы арыктар өз убагында тазаланбай жана көчөлөр таштандыдан толук арылбай жатканын айтып, тиешелүү ишканалардын ишин сынга алды ", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары аталган көчөнүн көркүн бузган күркөлөрдү, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактарды алып салуу тапшырмасы берилди.