"Уурулук" беренеси менен эки жолу соттолгон Т.Б. ("ХБКлык Бема" деген ат менен таанымал) Ош облустук сотунун чечимине ылайык, 2 жылдык сынак мөөнөтү менен үй камагына чыкты. Ал сот залынан бошотулган. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим 10-июлда чыккан. Буга чейин Ош шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 23-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаган 21 жаштагы келиндин үйүнө 2 бала жана 3 кыз кирип, ага бычак такап коркутушкан. Алар жабырлануучунун үйүнөн 1 жарым миң доллар акчасын, Iphone 6 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 13 миң сомун, 3 жарым миң сомдук күрмөсүн жана башка буюмдарын алып кетишкен. Бул факты боюнча Ош ШИИБи "каракчылык" беренеси менен иш козгоп, шектүүлөр кармалышкан.
Ал эми 5 жылга эркинен ажыратылган Т.Б. аттуу кыздын буга чейин дагы Ош шаарында 11-класста окуган кызды канжалата сабаган видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. Бул факты боюнча Ош ШИИБи "бейбаштык" беренеси менен иш козгогон.