Ырчы Мирбек Атабеков: "33 жашка чыксам дагы өзүмдү студент элестетип жатам. Мага студент болгон жакты"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Бангкокто 10 күндүк окууда жүрөт. Ал музыка жаатында билим алуу, тажрыйба алмашуу программасына АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин колдоосу менен барган. Мындан тышкары, Кыргыз жергесинен Ислам аттуу саксофончу дагы бар.

"Эл аралык программанын алкагында уюштурулган окууга бир катар өлкөлөрдүн музыка жаатындагы инсандары келген. Анда 3 багытта окутуу, тажрыйба алмашуу болуп жатат. Биринчи багыт аспаптар боюнча, экинчиси ырчы жана композиторлорду окутуу. Ал эми үчүнчү топто ди-джейлер үчүн окутуу жүргүзүлүп жатат. 30га чукул музыка чөйрөсүнүн өкүлдөрү убактылуу студент болуп жатабыз. Окутуу, тажрыйба алмашуу мага абдан жакты. Мисалы, ар бир ырдын өзүнүн формуласы бар экен. Мындан тышкары, артист деген өзүн кандай алып жүрүшү керек, эл менен кантип саламдашуу керек, этикага кандай көңүл буруу керектигин үйрөтүп жатат.

Ошондой эле ырчылар жана композиторлор тобундагы 10 адамды 3кө бөлүп чыгарма жазуу тапшырмасы берилген. Бир күндүн ичинде ырдын сөзүн, обонун даярдадык. Башка топтун жазган ырларын угуп, баа берип, тажрыйба алмашуу жүрүп жатат. Ар кайсы мамлекеттин ырчысы, музыканты, ди-джейи менен таанышып иштешүүнү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тажрыйба алмашуу мага аябай жагып жатат. 33 жашка чыгып калсам дагы өзүмдү студент элестетип жатам. Чет өлкөдө эс алып жүргөн күндөргө караганда студент болгон жакты. Күндө эртең менен туруп саат 10:00дө окууга барам. Менин үнүмдү аябай сонун экен деп мактап жатышат. Ошол нерсеге абдан кубанып, сыймыктандым.

Окутуу 10 күн болот, андан кийин концерт коёбуз, тагыраак айтканда, катышуучулар өзүнүн мамлекети тууралуу айтып берип, автордук ырларын аткарып беришет", - деди ырчы.

Мирбек Атабеков ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген АКШ элчилигине терең ыраазычылыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
miss2014
2019-08-21 01:44:44
Красавчик
+1
Jasi.jasi
2019-08-21 16:19:05
Озу 18 жаштай эле коруносун да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан