Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы Биринчи май райондук соту тарабынан мыйзамдуу деп табылды. Мындай чечимди бүгүн, 20-августта судья Абдуразак Боромбаев кабыл алды.

Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамсыз деген жактоочулар Сергей Слесарёв менен Замир Жоошевдин арызы канааттандырылган жок.

Судьянын айтымында, мурдагы президент кармалган эмес, ал тергөө органдарына зордоп алынып келинген. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына алып келүү мыйзам чегинде ишке ашырылган. Кылмышка шектүүнү атайылап алып келүү адатта кармап алууга окшош экенин белгилеген судья.

Ал эми мурдагы президенттин жактоочулары соттун чечимин мыйзам ченемдүү эмес экенин билдиришти. Жактоочулардын айтымында, тергөө тобунун жетекчиси Эркинбек Аширхожиев Атамбаев кандай жүйөнүн негизинде кармалганын, эмнеге аны тергөө органдарына кыйнап алып келүүнү УКМКнын кызматкерлери ишке ашырган деген суроого түшүндүрмө бере алган жок.

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан