Волейбол боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз курама командасы жарым финалга чыкты

Волейбол боюнча Непалда өтүп жаткан аймактык Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасы жарым финалга чыкты. Өлкөнүн волейбол федерациясы билдиргендей, 20-августта Кыргыз волейболчулары Мальдив аралдары менен кез келген.

А тайпасынын 2-турдук оюндарынын алкагында болгон беттеш 3:0 (25:15, 26-24, 25-19) эсеби менен Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына чечилди. Анкудиновдун шакирттери буга чейин Непалды жеңишкен.

Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсү өз тайпасында 1-орунду камсыздап, жарым финалга чыга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba.8327
2019-08-21 07:58:22
Аа тузук ага Кыргызстан..
+2
tynar92kg
2019-08-21 09:51:45
Алга Кыргызстан!!!
+2
Eden-Hazard
2019-08-22 02:54:53
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан