ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Электр энергиясы жок деп иш күндөрү мамлекеттик мекемелер иштебей койсо болобу?"

"Чаткал райондук мамлекеттик салык кызматындагылар электр энергиясы жок деп эч кимди кабыл албай жатышат", - деп жазды окурман "Элдик кабарга" жөнөткөн маалыматында.

Анын билдирүүсүнө ылайык, аталган мекемеге райондун ар кайсы айылдарынан тургундар түрдүү жумуштарын бүтүрүү үчүн келишет.

"Элди карап туруп бооруң ооруйт, бири карызга такси менен келген, кээ бири акыркы акчасын жол кире кылып келген. Башка мекемелер генератор менен өз кызматтарын аткарып жатышат. Район боюнча бир эле салык кызматы бар, карапайым элге эле кыйын. 19-августтан тартып бир жума электр подстанциясы оңдоо иштеринен өтөт деген эскертүү берилген, бирок салык кызматы мындай учурга даярданган эмес", - деп жазды аталган райондун Кылымбек Мырзагулов аттуу тургуну.

Ал иш күндөрү мамлекеттик кызматтардын жогорудагыдай шылтоо менен иштебей койгондугу канчалык туура деген суроону салган?

Тургундун билдирүүсү боюнча SUPER.KG порталы Чаткал райондук мамлекеттик салык кызматынын жообун угуп, жарыялоого даяр.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asking-
2019-08-21 11:57:36
Оа мен да баргам озубуздун айыл окмотко уч балам менен жоо барсам свет жок дегенде ыйлап жибергем. Кыйналып барсан алар оной кутулушат
0
dina
2019-08-21 16:18:40
Алар салык толонгондугу тууралуу базага киргизиши керек да, ручка барака жазып алып анан кийин чаташып башыбызды оорутуп журмок белек дешет да. Светти очургонду куноолошот. Баштары да орубайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан